• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектин эки районунда үй тибиндеги 31 бала бакча иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда үй тибиндеги кезектеги балдар бакчасынын жана балдарды өнүктүрүү борборунун салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Иш-чарага ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Биринчи май районунун администрациясынын өкүлдөрү, № 1 Челлендж жумушчу тобунун мүчөлөрү катышты.

Өз сөзүндө Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жана «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине камтууну жогорулатуу» «Өкмөттүк акселераторлор” программасынын №1 Челлендж тобунун жетекчиси балдарды жаштайынан өнүктүрүүнүн жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөндөрдүн салымынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Бул чакырыкты ишке ашыруунун алкагында мамлекет тарабынан балдардын камтылышын жогорулатууга тийиш болгон мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча жеке ишкерлердин ишин жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында стратегиялык маанилүү чечимдер кабыл алынууда.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондорунда үй тибиндеги 31 бала бакча иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий