• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бишкектин көчөлөрүндө чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Бишкектин көчөлөрүндө чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Жаш Гвардия бульварындагы кемчиликтер жоюлууда.

Ошондой эле Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисин карай (эки тарабы) жолдорду жамоо иштери башталды. Буга чейин чуңкурлар Жаш Гвардия бульвары Лев Толстой көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин жабылган.

Медеров көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгүндө чуңкурларды жабуу иштери аяктады. Ошондой эле Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдогу кемчиликтер жоюлду.

Совет чолок көчөсү менен Элебесов көчөсүнүн кесилишиндеги жолдогу кемчиликтерди оңдоо иштери жүргүзүлүп бүттү.

Мындан тышкары, Жибек-Жолу проспектиси менен Арзамасская көчөсүндөгү люктардын тегерегине асфальт-бетон аралашмасын төшөө пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий