• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Свердлов районунда COVID-19га каршы дагы бир эмдөө пункту ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунда дагы бир эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эмдөө пункту Свердлов районундагы (Жибек-Жолу проспектиси, №381) «Эльдорадо» соода борборунда жайгашкан.

«Шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн «Эльдорадо» соода борборунда дагы бир эмдөө пункту ачылды», - деп айтылат билдирүүдө.

Пункт эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 17:00гө чейин иштейт.

Эскерте кетсек, эмдөөдөн өтүү үчүн жарандын жанында паспорту болуш керек, анткени паспорттогу маалыматтар боюнча эмделген адам Саламаттык сактоо министрлигинин эмделгендер боюнча маалымат базасына киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий