• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл айыл чарбасына болуп көрбөгөндөй колдоо көрсөтүлүүдө - Каржы министрлиги

Коом 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Быйыл айыл чарбасын өнүктүрүүгө болуп көрбөгөндөй колдоо көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Финансы министрлигине караштуу финансы-кредит фондунун төрагасынын орун басары Элдияр Доолбеков билдирди.

Ал өлкө жетекчилиги тарабынан көрсөтүлуп жаткан аталган колжоонун алкагында 6% менен жеңилдетилген насыя берүү каралганын белгиледи.

"Мурда насыя 6%дан 10%га чейинки чен менен берилип келсе, бул жылы 6% менен берилүүдө. Мындан тышкары, 520 млн сом коммерциялык банкттардын пайыздык ченин субсидиялоого берилет", - деди Доолбеков.

Ошондой эле ал 2013-жылдан бери мамлекеттик колдоо 490 млрд сомкөлөмундө 116 миң 625 субъектке берилгенин кошумчалады.

"Мындан тышкары, министрлер кабинетинин тапшырмасы боюнча КРнын эки мамлекеттик банкын "Айыл банкты" - 5,5 млрд сом, "РСК банк" - 4,5 млрд сомго капиталдаштыруу чечими кабыл алынды. Бул каражаттар айыл чарбасына жеңилдетилген насыя берүүгө жумшалат", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий