• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Кыргызстанга 286,7 миң тонна жер семирткич керектелет

Коом 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Минералдык жер семирткичтерге болгон жылдык керектөө 2024-жылы 286,7 миң тоннаны түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- азоттук жер семирткичтер – 163,5 миң тонна,

- фосфордук семирткичтер – 105,9 миӊ тонна,

- калийдик семирткичтер - 17,3 миӊ тоннаны түзөт.

Учурда минералдык жер семирткичтерди ташып келген компаниялар менен кеңешме өткөрүлүп, талап кылынган өлчөмдө жер семирткичтер менен камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий