• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Былтыр Нарында оң рулдуу унаалардын катышуусунда 42 жол кырсыгы катталган

Аймак 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында акыркы үч айда оң рулдуу унаалардын катышуусунда 23 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Алардын ичинен 10 жол кырсыгы ар кандай жаракат менен коштолуп, 21 жаран ар түрдүү жаракат алышкан.

“Оң рулдуу автоунааларды башкарууда карама-каршы тилкеде келе жаткан автоунааларга ар түрдүү ыңгайсыз абалдарды жаратуу менен ар кандай кокустуктар орун алып, анын кесепетинен жол кырсыктары да келип чыгууда. Эл ташыган такси каттамындагы айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында профилактикалык түшүндүрүү иштери тынымсыз өткөрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2021-жыл ичинде облус аймагында оң рулдуу автоунаалардын катышуусунда жалпы 42 жол унаа кырсыгы катталып, анын кесепетинен 11 адам каза болуп, 96 жаран ар кандай жаракаттарды алышкан.

Пикир

Оставить комментарий