• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй районунда каракчылыкка шектелип үч адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Чүй районунда каракчылыкка шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 28-март күнү арыз менен Чүй РИИБине 2002-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында ошол эле күнү саат болжол менен 04:00 чамасында аны белгисиз адамдар Чүй районундагы жайгашкан соода түйүнүнүн жанынан эч себепсиз сабап, бычак менен коркутуп, андан соң белгисиз автоунаага салып, Чүй айылынын сыртына алып барып кайрадан сабап, ал жактан 11 миң сом акчасын ачык түрдө алып коюшкандыгын билдирген.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1997-жылы туулган И.Н., Н.А. жана 1994 жылы туулагн Д.Т. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий