• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдө жарандарга уурулардан коргонуунун ыкмалары тууралуу маалымат берилди

Аймак 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Чүй райондук милиция кызматкерлери жарандарга уурулардан коргонуунун ыкмалары тууралуу маалымат беришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын аймактык тескөөчүлөрү, балдар менен иштөө инспекторлору милициянын көчмө кабылдамасы менен райондун аймагын кыдырып, кылмыштуулукту жана укук бузууларды болтурбоо максатында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

2022-жылдын 15-16-февраль күндөрү өлкө аймагында, анын ичинде Чүй районунда дагы “Ууру” комплекстүү ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын башкы тапшырмаларынын бири өздүк мүлккө кылмыштуу кол салуулардан жана мал жандыктарды уурулардан коргоонун ыкмалары менен жолдору тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Пикир

Оставить комментарий