• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чек ара кызматы: Баткендеги Ортобоз айылында авиациялык ракета табылды

Аймак 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Баткендеги Ортобоз айылынын тургунунун үйүнө түшкөн авиациялык ракета табылган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирет.

"Бүгүн, 2-майда 2021-жылдын 29-апрелинде тажик аскер кызматчылары “Ми-24” тик учагы менен Баткен облусунун Баткен районунун Торт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлерине абадан чабуул жасаган учурда Актатыр айыл башкармалыгынын Ортобоз айылынын тургунунун үйүнө түшкөн авиациялык ракета табылган", - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан кошумчалашкандай, авиаракета жарылбай калгандыктан ал үйдүн тургундары жабыркашкан эмес.

Ал жерде тергөө тобу иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий