• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чек арадагы чыр. Кыргызстандын бир дагы чек ара заставасы басып алынган жок

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын бир дагы чек ара заставасы басып алынган жок. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон чындыгында эле айрым бекеттер аткыланып, бузулуп, өрттөнгөнүн белгиледи. Бирок, кыргыз чек ара бекеттери тажик чек арачылары тарабынан басылып алынбаганы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда тажик тарап Кыргызстандын Баткен облусундагы чек ара бекеттерин басып алышканы тууралуу маалымат тараган.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 134 киши жабыркап, 13 адам каза болду.

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген.

Ал эми президенттин аппаратынан маалымдашкандай, Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий