• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чет өлкөлөрдө 21 шайлоо тилкеси жабылып, 27синде добуш берүү уланууда

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Бишкек убактысы боюнча саат 20:00гө карата чет өлкөлөрдө 10 миң 121 шайлоочу добушун берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Саат 20:00гө карата чет жакта 14 шайлоо тилкеси жабылды. Алсак, Сахалин, Владивосток, Якутск, Иркутск, Красноярск, Япония, Корея, Кытай, Малайзия, Индия, Казакстан, Алматы, Новосибрск жана Гуанчжоудогу тилкелер.

Учурда чет өлкөлөрдө 27 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүүдө. Акыркы участок Вашингтондо 11-январь, саат 07:00дө жабылат.

Пикир

Оставить комментарий