• 88.68
  • 95
  • 0.95

Парламенттик шайлоо: кол менен саналган добуштардын 91,6 пайызы системага киргизилди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 03.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун бирдиктүү округу боюнча кол менен саналган добуштардын 91,58 пайызы системага киргизилди.

Жалпы 2 миң 494 шайлоо тилкесинен 2 миң 284 участканын маалыматтары системага киргизилди. Ал 91,58 пайызын түзөт.

“Бүтүн Кыргызстан” - 6.62%;
“Альянс” - 7.95%;
“Ынтымак” - 11.18%;
“Ишеним” - 13.76%;
“Ыйман Нуру” - 6.23%;
“Ата-Журт Кыргызстан” - 16.55%.

Эскерте кетсек, буга чейин БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендерди кол менен саноо аяктаганын жана протоколдор системага киргизилип жатканын айткан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өткөн.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышты.

Пикир

Оставить комментарий