• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстандын БШК башчысы: Кыргызстанда парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулган

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулган. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы, эл аралык байкоочу Зайниддин Низамходжаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Боршайкому шайлоочуларга жарандык милдетти аткарууга бардык шарттарды түзүп берди.

“Бардык шайлоо тилкелери жогорку деңгээлде даярдалган. Ошондой эле байкоочуларга да мыкты шарттар түзүлүп берилди. Биздин эксперттер катышкан ар бир объектте байкоо объективдүү жүргүзүлдү. Айрым бузуулар жана кемчиликтер БШКга жиберилди”, - дейт ал.

Низамходжаев сөзүнүн аягында кыргыз элине туруктуулукту жана өнүгүүнү каалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий