• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүт өлкө улуттук кураманы колдойт деп үмүттөнөм — Штефан Тарковичтин Азия Кубогунун алдындагы маеги

Спорт 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 2023-жылкы Азия Кубогуна болгон оюнчулардын соңку курамы тууралуу комментарий берди.

Команданын курамы тууралуу

Биз Ысык-Көлдө даярдыктын биринчи этабын, андан кийин Дубайда экинчи этабын жакшы өткөргөнүбүзгө абдан кубанычтамын, ал жакта командага «Абдыш-Атанын» оюнчулары жана чет өлкөлөрдө ойногон футболчулар кошулду.

Даярдыктын кезектеги бөлүгү аяктап, анын алкагында биз Өзбекстан, БАЭ жана Сирия менен үч контролдук беттеш өткөрдүк. Дүйнөлүк рейтингде бизден жогору турган атаандаштар менен ойнодук, алар биз үчүн пайдалуу болду, анткени, ушундай эле атаандаштык бизди Азия Кубогунда күтөт.

Даярдыктын экинчи этабы оюнчулар үчүн кыйла оор болду, анда интенсивдүү машыгуулар орун алды. Оюнчулар машыгуунун жогорку темпинде кантип туруштук берери жана контролдук оюндарда өздөрүн кантип көрсөтөөрү биз үчүн маанилүү болду.

Мен оюнчулардын кыйынчылыктарга туруштук бергенине, оюнун жакшыртып, өздөрүн мыкты көрсөтүүгө аракет кылганына абдан кубанычтамын. Бардык оюнчулар Улуттук курама командада ойноого татыктуу деп ишенем.

Жаракат алган оюнчулар жөнүндө

Албетте, жаракат алып калып, турнир үчүн соңку курамга кирбей калган (Кичин, Атабаев жана башкалар) оюнчулардын абалы капаландырды. Бул оюнчулар менен бирге команданын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогоруламак болчу.

Бирок жаракат алуу – футбол карьерасынын бир бөлүгү. Мен алардын тезирээк калыпка келишине үмүттөнөм жана алардын биздин командага 2026-жылдагы Дүйнөлүк чемпионаттынын тандоо оюндарына жардам беришет деп ишенем.

Чакырылган төрт дарбазачы жөнүндө

Акыркы курам 2-январда түзүлүп, биз төрт дарбазачыны соңку курамда калтыруу чечимин кабыл алдык, анткени бизди алдыда жок дегенде 5 жумалык даярдык жана 5 беттеш (Сирия жана БАЭ менен 2 контролдук оюн, ошондой эле Азия Кубогундагы кеминде 3 оюну) күтмөк, алар үчүн «дарбазачы» деген маанилүү позицияны тобокелге сала алган жокпуз.

Ошондой эле, экинчи себеп, биздин алдыбызга коюлган максатка ылайык, курамды жашартуу жана кайра куруу болгон, Кыргызстандын Улуттук курама командасынын келечек муундарын өнүктүрүү үчүн жаш оюнчулардын катарында, дарбазачыларды да даярдоо милдети турат.

Күйөрмандарга кайрылуу

Курамдагы оюнчулар үчүн бул турнир жаңы чакырык жана алар келе жаткан Азия Кубогу оюндарына кызуу даярдык көрүштү.

Оюнчулар өз өлкөсүнүн намысын коргоо үчүн эң мыкты формада болууга аракет кылып жатышат.

Мыкты күйөрмандарыбыз бар экенине абдан кубанычтабыз жана сиздерди курамага максималдуу колдоо жана ишеним көрсөтүүгө чакыргым келет. Бул жерде стадиондо күйөрмандарыбыздын алдында ойноо биз үчүн чоң сыймык болот. Албетте, бүт өлкө биригип, үйдө дагы команданы колдойт деп үмүттөнөм. Биз болсо күйөрмандар үчүн мыкты оюнубузду көрсөтүүгө аракет кылабыз!


Белгилей кетсек, Азия Кубогу-2023 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катарда өтөт. Кыргыз курама командасы F тайпасында Оман, Сауд Аравия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.

Алдыда боло турган Азия чемпионатына катышуу улуттук кураманын тарыхында экинчи болуп калмакчы. Футболчулардын астында Азия Кубогуна жана 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алууга күрөштү улантуу үчүн Азиянын 18 мыкты командасынын бири болуу милдети турат.

Оюндардын жүгүртмөсү: 16-январь | 1-оюн күнү
Таиланд 20:30 Кыргызстан Абдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия 23:30 Оман Халифа стадиону
21-январь | экинчи 2-оюн күнү
Оман 20:30 Таиланд Абдулла бин Халиф стадиону
Кыргызстан 23:30 Сауд Аравия Ахмат бин Али стадиону
25-январь | 3-оюн күнү
Кыргызстан 21:00 Оман Абдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия 21:00 Таиланд Эдьюкейшн сити стадиону

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин жетекчилиги алдындагы улуттук кураманын машыктыруучулар штабы 2023-жылкы Азия Кубогуна үчүн кураманын акыркы тизмесин жарыялады. Кураманын тизмеси 26 оюнчудан турат.

Дарбазачылар

  • Токотаев Эржан («Шанлыурфаспор», Түркия);
  • Исламкулов Марсель («Абдыш-Ата»);
  • Чомоев Султан, Нурланбеков Курманбек (экөө тең «Дордой»).

Коргоочулар

  • Жыргалбек уулу Кайрат (Абдыш-Ата»);
  • Браузман Християн (Абдыш-Ата»);
  • Акматов Айзар (Абдыш-Ата»);
  • Дүйшөбеков Бактыяр;
  • Козубаев Тамирлан («Истерн», Гонконг);
  • Сагынбаев Бекжан;
  • Мамыралиев Сүйүнтбек;
  • Мищенко Александр («Дордой»);
  • Шамурзаев Амантур («Абдыш-Ата»).

Жарым коргоочулар

  • Абдурахманов Одилжон;
  • Кадыржанов Адиль («Дордой»);
  • Мерк Кай («Унион Титус Петанж», Люксембург);
  • Алмазбеков Бекназ («Галатасарай», Түркия);
  • Мерк Кими («Пахтакор», Өзбекстан);
  • Алыкулов Гүлжигит («Неман», Беларусь);
  • Сталбеков Нурдөөлөт;
  • Джумашев Атай (Абдыш-Ата»);
  • Мусабеков Фархат (Абдыш-Ата»)
  • Азаров Азим («Абдыш-Ата»).

Чабуулчулар

  • Батырканов Эрнист («Абдыш-Ата»);
  • Жоэл Кожо («Динамо-Самарканд», Өзбекстан);
  • Токтосунов Дастан («Нефтчи»).

Пикир

Оставить комментарий