• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чолпон-Ата шаарында жаңы футбол аянтчасы ачылды

Аймак 0

Бишкек 03.11.23. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында жаны курулган футбол аянтчасы ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Аянтчанын курулушун толугу менен фонд каржылаган. Сметалык баасы 3 млн 266 миң 499 сомду түздү.

Ачылыш аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Футбол аянтчасы жаштар үчүн мыкты белек болуп, сергек жашоого шарт түзмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий