• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнө кубогу: Тыныбекова алгачкы атаандашын жеңип, чейрек финалга чыкты

Спорт 0


Бишкек, 14.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова алгачкы румыниялык атаандашы Криста Инцени жеңип алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.

Тыныбекова 62 кг салмакта квалификациялык этапта румыниялык Криста Инцени 10:0 эсебинде жеңип алды. Чейрек финалда кыргызстандык спортчу Жансу Аксой (Түркия) менен күрөшө тургандыгы маалым болду.

Дүйнө кубогунда ошондой эле Айпери Медет кызы (76 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Нураида Анаркулова (57 кг) күч сынашат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандык балбан Руслан Царев грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда коло медалдын ээси болгон.

Пикир

Оставить комментарий