• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүкөндү тоноого атайын бычак, мык сууругуч алып даярданып келген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Бишкекте дүкөндү тоноого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 27-мартында саат 05:02 чамасында ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук күзөт түйүнүнөн Бишкек шаарынын Свердлов районунун күзөт бөлүмүнө аталган бөлүм тарабынан кайтарууда турган Бишкек шаарынын Ж.Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан дүкөнгө чакыруу келип түшкөн.

Ошол күнү нөөмөттө турган ыкчам кармоо тобу саат 05:06да чакыруу келген жерге жетип барышкан. Дүкөндүн сыртынан кароо учурунда, эшигинин сырткы темирлери ийилип, үндөр чыгып жатканын байкап, дароо дүкөндү көздөй чуркашкан. “Ыкчам кызматкерлер дүкөндүн ичинен качууга аракет кылган 30-35 жаштагы азият улутундагы жаранды кармашып, Свердлов райондук РИИБге жеткиришкен”, - деп айтылат маалыматта.

Тактоо иштери жүргүзүлгөн соң, кылмышка шектүү 1990-жылы Ош шаарында туулган З.Д. аттуу жаран экендиги аныкталган. Ал дүкөндү тоноого атайын бычак, мык сууругуч алып даярданып келген.

Пикир

Оставить комментарий