• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тажикстандан Кыргызстанга 9 кап насвайды мыйзамсыз алып өтүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.09.22./Кабар/. Баткен чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракетине бөгөт коюшкан. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Олжо жерлигинде кызмат өтөө учурунда чек ара кезмети тарабынан Кыргызстандын 2001-жылы туулган Т.М. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Тойота-Эстим” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

"Унаадан 9 кап насвай табылган. Айдоочу насывайды Тажикстандан Кыргызстанга андан ары сатуу үчүн мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган", - деп белгилешти Чек ара кызматынан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан соң кармалган айдоочу жана жүк мындан ары иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүп берилди.

КР УКМКнын Чек ара кызматы аткезчилик менен алектенип, муну менен республиканын чек ара мыйзамдарын бузган жарандарга карата катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий