• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дарбазачы Эржан Токотаев казакстандык “Каспий” клубуна өттү

Спорт 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын улуттук курама командасынын дарбазачысы Эржан Токотаев Казакстандын профессионалдык футбол лигасынын “Каспий” командасы менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Өткөн сезондо Токотаев “Туран” клубунда ойноп, анда 22 оюн өткөргөн. Анын тогуз беттешин бир да гол өткөрбөй, эки пенальтиден сактап кала алган.

Ал Кыргызстан курама командасынын курамында 2021-жылдын 2-сентябрында Палестина менен болгон беттеште дебют жасаган. Улуттук курама команда үчүн тогуз беттеш өткөрүп, анын үч беттешин “кургак” өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий