• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дем алыш күндөрү “Ала-Тоо” аянты убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Улуттук гвардиянын 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Бишкектин "Ала-Тоо" аянты эки күнгө убактылуу жабылат.

Мэриядан кабарлашкандай, эртең, 16-июлда саат 06:30дан 08:00гө чейин даярдык иштерине карата унаалар үчүн жол жабык болот. Ал эми 17-июлда саат 17:00дөн 20:00гө чейин майрамдык иш-чарага байланыштуу аянт жабылат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, айдоочулардан алдын ала каттамды тандап алуусун эскертет.

Пикир

Оставить комментарий