• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дзюдочу Шахида Нармухамедова Түркиядагы мелдеште күмүш байге алды

Спорт 0

Бишкек, 16.08.22./Кабар/. Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Шахида Нармухамедова Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында күмүш медаль утту.

Ал оюндарга 78 кг салмак категориясында катышты.

Нармухамедова чейрек финалда Камерундук, ал эми жарым финалда Марокколук спортчуну жеңип алды.

Финалда ал Түркиялык спортчудан утулуп калды.

Пикир

Оставить комментарий