• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЕАЭБ товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 22.02.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 23-январында кабыл алынган.

Аталган макулдашуунун максаты — товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо чөйрөсүндө макулдашылган координацияланган саясат жүргүзүү, Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары — ЕАЭБ) алкагында товарлардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо.

Макулдашуу товарларды ЕАЭБ алкагында бирдейлештирген идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартибин аныктайт. Идентификациялык каражаттар менен маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмеси Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин чечими менен бекитилет.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык КР Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор КР тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий