• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министри Базарбаевдин Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен онлайн жолугушуусу болду

Коом 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Кечээ, 28-октябрда Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу социалдык коргоо боюнча жетектөөчү адиси Мануэль Салазар башында турган өкүлдөрү менен онлайн жолугушуусу болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр К.Базарбаев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө КР президенти Садыр Жапаровдун жарлыгынын алкагында «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына» негизделген социалдык саясатты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана пландары боюнча кеңири маалымат берди.

Социалдык саясаттын негизги багыттарынын бири болуп жумуш менен камсыз болгон өлкөгө кетээр алдында бизнес жүргүзүүгө окутуу, мигранттарды окутуу (талап кылынган адистиктерге окутуу) сыяктуу экономикалык чараларды колдонуу менен калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча активдүү чараларды күчөтүүнү билдирди.

Мындан тышкары, калкка, өзгөчө калктын аярлуу катмарына социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн даректүүлүгүн жана айкындуулугун күчөтүү пландаштырылууда. Буга социалдык кызматтардын санариптик экосистемасын түзүү аркылуу жетишүү пландаштырылууда.

Өз кезегинде Мануэль Салазар министр айткан багыттардын маанилүүлүгүн белгилеп, кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо жана табигый кырсыктардын эмгек рыногуна тийгизген таасири боюнча Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр тууралуу кыскача маалымат берди.

Жыйынтыгында тараптар жарыяланган багыттар боюнча биргелешкен ишти мындан ары күчөтүүгө толук даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий