• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министрлиги жакырчылык менен күрөшүүдө Кытайдын тажрыйбасын колдонууга ниеттенүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жакырчылык менен күрөшүүдө Кытайдын тажрыйбасын колдонууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу эмгек министри Кудайберген Базарбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуу учурунда билдирди.

Министр Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Кытайдын Эмгек ресурстары жана социалдык камсыздоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимдин алкагында Кытайдын заводдорунан Республикалык протездик - ортопедиялык заводуна техникалык каражаттар менен камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүү тажрыйбасы болгонун белгиледи.

Азыркы учурда бул мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле Республикалык протездик - ортопедиялык заводду багыты боюнча, ошондой эле Кытайдын салттуу медицинасын колдонуу менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялык борборлорду ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

"Биздин министрлик Кытай кесиптештери менен мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар. Биз Кытай менен жакырчылыкка каршы күрөшүү темасында, ошондой эле Кытайдын социалдык саясатынын башка ийгиликтүү багыттарында тажрыйба жана билим алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну каалайбыз", - деди министр.

Ду Дэвэнь министрди колдоп, Кытай элчилиги министрликтин айтылган сунуштарын ишке ашыруу үчүн күч-аракет жумшоого даяр экендигин айтты.

"Кытай акыркы 100 жылдан бери жакырчылык менен жигердүү күрөшүп келе жатат, акыркы 10 жылда биз аны толугу менен жок кылууга жетиштик. Мамлекеттин аракетинин аркасында 800 миллиондон ашык кытай жараны 2021-жылга чейин жакырчылыктан чыгарылган. Биз өз билимибизди жана тажрыйбабызды Кыргызстан менен бөлүшүүгө даярбыз", - деди элчи.

Пикир

Оставить комментарий