• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек сиңирген машыктыруучу Сарыгул Чекиров 87 жашында дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Сарыгул Чекиров бүгүн, 2-мартта 87 жашка караган курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Сарыгул Чекиров Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айылында 1936-жылы туулган. 1959-жылы ал Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктаган. 1958-жылы ага “СССР спортунун чебери” наамы ыйгарылган.

1964-жылы эркин күрөш боюнча Кыргыз ССРинин курама командасына жетекчилик кылган. СССР элдеринин Бүткүл союздук 1 жана 2-спартакиадаларына катышып, экөөндө тең чемпиондук наамды жеңип алган.

1964-1968-жылдарда Каракол педагогикалык институтунда машыктыруучу мугалим болуп иштеген жана Ысык-Көл өрөөнүндө спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө жеке салымын кошкон.

1968-жылы кайрадан эркин күрөш боюнча республиканын курама командасын жетектөөгө чакыртылып алынган жана бул кызматта 1971-жылга чейин эмгектенген.

Сарыгул Чекиров улуттук күрөш, грек-рим күрөшү, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. 1990-жылы спорттун бул түрүнө салымы үчүн ага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу, ал эми 2000-жылы Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардак наамдары ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий