• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Эртеңден тарта кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекети жабылат

Коом 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Эртең, 20-февралдан тарта кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Жол" - "Кордой" бекети оңдоо иштерине байланыштуу жыл аягына чейин жабылат. Маалыматка ылайык, аталган көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу жөө адамдар өтө алышат.

"Бекеттин иштөө режими өзгөртүлөт - саат 06:00дөн 24:00гө чейин гана иштейт. Ошол эле учурда ал өткөрмө жайында курулуш иштери жүргүзүлө берет", - деп кабарлашты КР Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан.

Аны менен катар Чүй облусунун аймагында төмөнкү көзөмөл-өткөрмө бекеттери иштейт: "Ак-Тилек - унаа жолу", "Токмок - унаа жолу", "Кең-Булуң - унаа жолу", "Чалдыбар - унаа жолу" жана "Кайыңды - темир жолу".

"Ак-Тилек - унаа жолу" көп тараптуу көзөмөл-өткөрмө жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Хунчи айылына жакын жайгашкан.

"Токмок - унаа жолу" эки тараптуу көзөмөл-өткөрмө жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Бул өткөрүү жайынан Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары гана өтө алышат. Ал Токмок шаарына жакын Ю. Дунларов атындагы көпүрөнүн жанында жайгашкан.

"Кең-Булун - унаа жол" эки тараптуу көзөмөл-өткөрмө жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Бул өткөрүү жайынан Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары гана өтө алышат. Ал Кең-Булун айылына жакын жерде жайгашкан.

"Кайыңды - темир жолу" көп тараптуу көзөмөл-өткөрмө жайы жайы темир жол транспорту менен бара жаткан жарандарды жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Кайыңды шаарында жайгашкан.

"Чалдыбар - унаа жол" көп тараптуу көзөмөл-өткөрмө жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдыбар айылына жакын жерде жайгашкан.

Баардык көзөмөл-өткөрмө бекеттери күнү-түнү иш алып барат.

Үч көзөмөл-өткөрмө жайында – "Акжол - унаа жолу", "Ак-Тилек - унаа жолу" жана "Чалдыбар - унаа жолу" бекети аркылуу чет өлкөнүн жарандары жана атуулдугу жок адамдар - жарактуу "Кыргыз Республикасынын электрондук визасынын" ээлери өтө алат.

Өткөрмө бекеттердин иш тартибине өзгөртүүлөр киргизилсе, ал өзгөртүүлөр тууралуу кошумча маалымат берилип турат. Суроолор үчүн: (0312)- 88-16-18, (0312) - 54-28-99.

Пикир

Оставить комментарий