• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Европада күн сайын 400 адам жугуштуу гепатиттен көз жумат

Ден соолук 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун европалык аймагында жугуштуу гепатитке байланыштуу себептер боюнча күн сайын 400дөн ашык адам көз жумат, бул сандар өсүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жугуштуу оорулар боюнча Кыргызстандагы кызматкери Калия Касымбекова билдирди.

Анын айтымында, региондогу 15 миллиондон ашык адам В гепатити жана 14 миллион киши С гепатитинен келип чыккан өнөкөт илдет менен жашайт.

“Гепатиттин бардык өнөкөт ооруларынын үчтөн эки бөлүгү Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы өлкөлөргө туура келет. Быйыл 28-июлда белгилене турган Бүткүл дүйнөлүк гепатит менен күрөшүү күнү “диагноз коюуга убакыт келди, дарылоого убакыт келди” ураанынын алдында өтөт”, - деди Касымбекова.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда аталган жугуштуу оорунун таралышын вакцинациянын жардамы менен алдын алууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Ал балдарды төрөлгөндөн кийин 24 саат бою иммунизациялап, жугуштуу дарттан өмүр бою коргойт.

Пикир

Оставить комментарий