• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Филиппин менен Индияда коронавирусту жуктуруп алган алгачкы учур катталды

Дүйнө 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Филиппин менен Индияда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алган алгачкы учур катталды. Бул тууралуу өлкөлөрдүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жаңы илдетти жуктуруп алган учур Индиянын Керала штатында катталган. Ал штатта Ухандагы университетте окуп келген студент жашаган.

"Студенттин абалы туруктуу жана дарыгерлердин кароосунда болууда", - деп айтылат маалыматта.

Филиппин өлкөсүндө коронавирус илдети Ухандан учуп келген кытайлык кызда байкалган. Ал 21-январда учуп келген. Төрт күндөн кийин кытайлык жарандын жөтөлгөнүн байкап, ооруканага жеткиришкен.

Филиппиндин саламаттык сактоо министри Франсиско Дукенин билдирүүсүндө, өлкөдө дарыгерлердин көзөмөлүндө 23 адам жүрөт.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 170ге жетти. Ал эми 7711 адам илдетти жуктуруп алган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү "2019-nCoV" деп атаган. Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда байкалган.

Пикир

Оставить комментарий