• 88.68
  • 95
  • 0.95

Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. КР Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына Хайткулов Нурбек Таттибаевич жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 25-декабрынан тартып аталган мекемеде жетекчинин милдетин аткаруучу болуп эмгектенип жаткан.

Нурбек Хайткулов эмгек жолун 2002-жылы Жалал-Абад шаардык финансы бөлүмүндө адис болуп иштөөдөн баштаган.

Пикир

Оставить комментарий