• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Фронт жана бэк офистер. Жети КТБда пилоттук долбоор жандандырылды

Коом 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Кыргызстандагы жети Калкты тейлөө борборунда (КТБ) 2023-жылдын 1-декабрынан тартып “фронт-офис” жана “бэк-офис” принциби боюнча пилоттук долбоор жандандырылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алар:

  1. Бишкек шаарындагы Ч.Валиханов көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан №2 КТБ;
  2. Каракол шаарындагы КТБ (Ысык-Көл облусу);
  3. Ош шаарындагы КТБ
  4. Баткен шаарындагы КТБ (Баткен облусу);
  5. Шопоков шаарындагы КТБ (Чүй облусу);
  6. Кочкор а. (Кочкор району, Нарын облусу);
  7. Сузак а. (Сузак району, Жалал-Абад облусу).

Пилоттук мезгилде КТБнын операторлоруна ЖААК багыты боюнча документтерди кабыл алуу, Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу/чыгуу, жашаган дарегин каттоо, чет өлкөлүк жарандарды каттоо, жашап турууга уруксаттарды тариздөө жана маалымкаттарды берүү функциялары берилет.

Пилот арыз ээси менен документтерди каттоодо жана тариздөөдө чечим кабыл алган кызматкердин ортосундагы байланыштарды болтурбоого, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүнө документтерди кабыл алууну жүзөгө ашырган операторлордун санын көбөйтүүнүн эсебинен Калкты тейлөө борборлорундагы кезектерди азайтууга багытталган.

Кошумча суроолор боюнча 119 ыкчам номери иштейт. Чалуу акысыз.

Пикир

Оставить комментарий