• 88.68
  • 95
  • 0.95

Транспорт министрлиги ашуулардагы жолдордун абалы тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн ашууларындагы жолдордун абалы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын бузулушуна байланыштуу бардык ашууларда жолчулар тарабынан күзөт уюштурулган. Учурда:

- Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, жол ачык;

- Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда кар себелеп жатат, каттам ачык, чектөөлөр жок;

- Бишкек-Ош унаа жолунун Көк-Бел ашуусунда күн бүркөк, каттам ачык. №30 ЖТИ тарабынан күзөт бар;

- Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, жол кыймылына чектөө жок, каттам ачык;

- Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Долон жана Кызыл-Бел ашууларында ала-булут, унаа жол ачык;

- Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда күн ачык, каттам ачык;

- Ысык-Көл облусунун Чоң ашуусунда ашуусунда күн бүркөк. Учурда ашуу ачык, каттам бар.

- Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда күн бүркөк, каттам ачык;

- Ош облусунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун, Кызыл-Арт ашууларында күн бүркөк, каттамдар ачык.

Пикир

Оставить комментарий