• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Футбол сулуусу - 2017” сынагына беш кыз талапкер

Спорт 0

Бишкек, 11-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын футбол федерациясы “Футбол сулуусу - 2017” сынагына талапкер 5 кыздын ысымын атады.

Финалга Айсулуу Аракеева, Надира Исакова, Наталия Гайворонская, Вероника Ковтунова, Тинатин Ишенбекова чыгышкан.

Сынактын акыркы туруна катышуу үчүн финалисттер “Мен эмне үчүн футболду жакшы көрөм?” темасындагы 30 секунддук тасма жөнөтүүлөрү керек. Калыстар сынактын жеңүүчүсүн 15-майда аташат.

Жеңүүчү эл аралык иш чараларда КР футбол федерациясынын атынан чыгып, ар кандай сүрөт жана тасма тартууларга катыша алат.

Пикир

Оставить комментарий