• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

II Элдик курултай. Айыл чарба министрлигине 224 кайрылуу түштү

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан II Элдик курултайдын алкагында Айыл чарба министрлигине жалпы 224 кайрылуу түштү.

Ведомстводон билдиришкендей, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков өлкөнүн ар кайсы бурчунан келген делегаттарды кабыл алуу менен министрликке тиешелүү башкармалыктарга жана ведомстволук бөлүмдөргө делегаттардан келип түшкөн арыздар жана кайрылуулар боюнча жеринде тиешелүү тапшырмаларды берүүдө.

Мындан тышкары, делегаттарды министрдин орун басары С.Насирдинов, Суу ресурстары кызматынын директору А.Сокеев, Токой кызматынын директору А.Мусаев, Жер-ресурстары кызматынын директорк А.Сатывалдиев жана Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директорунун орун басары М.Мамытбеков кабыл алууда.

Белгиленгендей, жерлерди трансформациялоо боюнча маселелер боюнча кайрылуулар өткөн жылга салыштырмалуу аз, былтыр көпчүлүк делегаттар дал ушул көйгөйдү чечүүнү суранышкан.

"Быйыл сугат суу боюнча суроолор абдан көп болууда. Аймактардын көпчүлүк жашоочулары дыйканчылык менен алектенгендиктен, алардын ар бири сугат суунун жетишсиздигин абдан жакшы сезишет, анткени климаттын өзгөрүүсүнүн фонунда бул көйгөй жыл сайын курчуп барууда", - деп айтылат маалыматта.

Өкмөт бул багытта эмне кылып жатат? Келерки жылы ирригацияга 2,2 миллиард сом бөлүнүп, 1 миллиард сомго 500 чакырым канал оңдолуп, жабдууларды сатып алууга 367 миллион сом жумшалмакчы. Ошондой эле жайыттардын деградациясы боюнча маселелер айтылды.

Белгилей кетсек, делегаттардын ыңгайлуулугу үчүн аларды түздөн-түз каттоо жана арыздарын кабыл алуу үчүн атайын бланктар иштелип чыккан жана ар бири каттоого алынган.

Азыркы учурда айыл чарбасына тиешелүү маселелер боюнча жазуу жүзүндө 224төн ашык кайрылуу келип түштү. Делегаттар менен жолугушуу уланууда.

Пикир

Оставить комментарий