• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Жергиликтүү шайлоодо мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча комплекстүү план түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 08.04.23. /Кабар/. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоо боюнча комплекстүү план түзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылаык, үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтөт. Өлкөнүн турмушунда боло турган окуяларга байланыштуу Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо деңгээлин жогорулатууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Ошентип, ИИМдин "Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" буйругу чыгарылды.

Алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралар планы иштелип чыгып, анда мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, шайлоо тилкелерин, жабдууларды кайтаруу, шайлоо бюллетендерин ташуу боюнча иштерди уюштуруу жагы камтылган.

Учурда шайлоо тилкелеринде милиция кызматкерлери бекитилди. Ошондой эле, шайлоо күндөрү коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо жана мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында тиешелүү сандагы милиция кызматкерлери тартылат.

"Учурда шайлоо тилкелеринде 53 комиссия түзүлдү. 9-апрелге белгиленген 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 20-мартта башталып, 8-апрелде саат 08:00дө аяктайт. 8-апрелден баштап аталган жергиликтүү шайлоо кеңештери жайгашкан жерлерде райондук милиция бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ мыйзам бузууларга жана шайлоо мыйзамдарын бузууга байланышкан фактылар аныктала турган болсо мыйзамдагы талаптарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий