• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМдин Ички аскерлеринин командачылыгында ачык эшик күнү өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-декабрда КР Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачылыгында, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин жана Кыргыз мамлекеттик юридика университетинин студенттери үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлерини басма сөз кызматы билдирет.

Алгач Ички аскерлердин биринчи колбашчысы Анарбек Шамкеевди эскерүү иш-чарасы өткөрүлүп, командачылыктын аскер кызматчыларынын, ардагерлердин, студенттердин жана Анарбек Шамкеевдин жакын туугандарынын катышуусунда эстелигине гүлчамбарлар коюлду.

Андан кийин меймандардын назарына Ички аскерлердин кыскача тарыхы тууралуу даректүү тасма тартууланды.

Ички аскерлердин музейине, жоокер ашканасына жана жоокерлердин казармага болгон экскурсия учурунда, студенттерге тамак-аштын сапаты, жоокерлерге түзүлгөн шарттар жана Ички аскерлердин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк болду.

Иш-чаранын соңунда студенттерге 702 жана 714 бөлүгүнүн аскер кызматчылары тарабынан даярдалган саптык даярдыктын көнүгүүлөрү жана кол уруш боюнча ыкмалар тартууланып, ал аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий