• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Илимпоз А.Кенжебаев: С.Жээнбеков мамлекетти тура жол менен алып кетет!

Шайлоо 2017 0


Бишкек, 09.10.17 /Кабар/. Сооронбай Жээнбеков акыркы алты жылда иштеген премьер-министрлердин ичинен эң мыкты иштеген премьер болду. Жүздөгөн мектептер салынды, узун-узун жолдор курулду, эң негизгиси – Сооронбай Шариповичтин убагында биздин экономикабызда ички дүң продукция 6,4 пайызга чейин өсүүгө алып келди, деп билдирди окумуштуу илимпоз Азамат Кенжебаев Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, Сооронбай Шарипович жөндөмдүү адам. «Экинчиден, бийликке келем деген адам Кудайдан корккон болуш керек экен, Кудайдан коркпогон адам эч нерседен коркпойт, элди бири-бирине кагыштыргандан кайра тартпайт, элдин убалынан да коркпойт. Биз билебиз, Сооронбай Шарипович үй-бүлөсү менен намаз окуган адам, демек бул киши Кудайга жакпаган иштерди жасабайт деген терең ишенимдебиз», - деп белгиледи Азамат Кенжебаев.

Ал кошумчалагандай, бийлик башына келем деген адам, дүнүйөкорлукту жек көргөн адам болуш керек. Дүнүйөкорлук көздү сокур кылат, ал эми даанышманды жолдон чыгарат. «Сооронбай Жээнбеков 1995-жылдан бери саясатта жүргөн адам, бирок бир да жолу артынан жаман сөз ээрчиген жок. Ал бүлүндүрү үчүн эмес, жаратман президент болот. Кыйраткыч эмес, жараткыч президент болот деген ойдобуз. Манастын осуятында айтылгандай, чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган президент болот. 20 жылдан бери көчүбүз жардын учунда, бычактын мизинде эле баратты. Ушул көчтү Сооронбай Шарипович түркүн-түстүү талааларга, бетегелүү беделдерге бурат деген ишенимдебиз, жогорку технологиялар, алдыңкы цивилизацияларга карай бурат деген ишенимдебиз. Сооронбай Жээнбековду 15-октябрда колдоп берүүңүздөрдү суранабыз!», - деп элди чакырды.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 07.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий