• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Илимпоз Сыртбай Мусаев: Азыркы шартта эл Сооронбай Жээнбековдун айланасына биригиши керек

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 10.10.17 /Кабар/. Эл биримдигине жарака салып, жарага туз сээп, анан калса акча берип, кылмыштуу топторду уюштуруп, төңкөрүш жасайбыз деп камынып калган айрым бир жагдайлар бар экен, деп билдирди филология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусунун Тоң районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, ушундай шартта эл биримдиктүү болуп, эл-жерге тынчтык орното турган, элди бири-бирине тукурбай, бириктире турган ыймандуу, топуктуу, жөнөкөй, ошол эле учурда эрктүү Сороонбай Жээнбековдун тегерегинде биригүү - зарыл нерсе болуп турат.

«Адамдын эмгегин баалай билүү - бул чоң маданият жана акылмандык. Биз бул кишинин эмгегин баалашыбыз керек. Мамлекеттик масштабдагы чоң кызматтарда иштеди, бийликти мыкчып турса да, өз бийлигинен пайдаланбаптыр. Бир туугандарын бийликке жолотпой, үй-бүлөсүн бийликке аралаштырбаптыр. Оппозиция болуп турганда дагы эч ким бул кишинин артынан эч нерсе таппаган. Бул киши мамлекеттик кызматта туруп жебеген, тартып албаган, алдабаптыр, коррупцияга аралашпаптыр, жаман сөз ээрчибептир. Бул киши таза, ак, ыймандуу экен. Топуктуу жана ыймандуу болгондуктан, байлыкка жана бийликке азгырылбаптыр. Элге кул болуп иштеп берем деп, өзүнө максат коюптур», - деди Сыртбай Мусаев.

Ал белгилегендей, Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өтүп, тажрыйбасы мол, мамлеккеттик саясий ишмер катары калыптанган, мекенчил, мамлекетчил, улутман адам. «Үчүнчүдөн, президент Алмазбек Атамбаевдин ишин уланта турган, жолун узарта турган, саясий эрки күчтүү адам экен. Мындай адам чанда чыгат. Сиздердин колдооңор жана Кудайдын буйругу менен маңдайында жаңган жылдызы артып, президент болуп калат. Бул киши байлык, бийлик мен үчүн эч нерсе эмес, деди. Бийлик мен үчүн элиме кулдай иштеп берүүнүн куралы, деди. Ошонусу менен элге жакты. Ушундай жакшынакай адамды ажо кылып шайлап алалы!», - деп Сыртбай Мусаев элди чакырды.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 10.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий