• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ивановка айылында 12 жашар Ислам Айтымбетов дайынсыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Чүй облустук милициясы дайынсыз жоголгон 12 жашар Айтымбетов Ислам Орозбековичти издеп жатат. Ал Ивановка айылындагы Панфилов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн 15-сентябрда болжол менен саат 17:30да чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 155-160 см, орточо дене түзүлүштөгү, көзү күрөң, оң көзү жагында болжол менен 5 см болгон тырыгы бар.

Кийимдери: боз кофта, боз түстөгү шым, бутунда көк түстөгү жайкы бут кийим, жанында эски велосипеди болушу мүмкүн.

"Ислам Айтымбетовдун кайда экенин билгендер болсо, Ысык-Ата райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 61-69-07, 0-3132 5-21-47, 0(708) 45-78-46, 0(701) 88-62-95", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий