• 88.68
  • 95
  • 0.95

Көк бөрү боюнча КР чемпионаты: Чүй облусунун командасы финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Көк бөрү боюнча биринчиликте Чүй облусунун командасы финалга чыкты. Бул тууралу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Бүгүн Ош облусундагы “Төлөйкөн” ат майданында көк бөрү боюнча жарым финалдык оюндар өтүп жатат.

Биринчи оюнда Чүй облусунун командасы Таластын курамасын 5:1 эсебинде жеңип алган.

Экинчи беттеш Ош жана Ысык-Көл облустарынын курамалары ортосунда болуп, жеңген команда финалга чыгат.

Эске сала кетсек, көк бөрү боюнча биринчилик жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий