• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Кечеде жер көчкү түшкөн жол тазаланбайт, айланма жол гана салынат

Аймак 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Кара-Кечеде жер көчкү түшкөн жол тазаланбайт, айланма жол гана салынат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, 15-сентябрь күнү жер көчкү түшкөн жер ("Дыйкан - Кара-Кече" жолунун 37-чакырымы) менен таанышкан комиссия жолду тазалоого болбой турганын аныкташкан.

"Ошондуктан айланма жолду салуу чечими кабыл алынды. Ал иштер үчүн 4 экскаватор, 3 бульдозер, 4 самосвал тартуу, (азырынча) 20 тонна күйүүчү май жеткирүү керек. Жолдун бир тарабын салууга 10-12 күн кетет. Учурда ал жакта 2 бульдозер, 2 экскаватор иштеп жатат. Жумуштар бүгүн саат 07:00дө башталган", - деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, 14-сентябрь күнү Нарын облусунун Жумгал районундагы "Кара-Кече - Дыйкан" жолунун 37-чакырымында Кара-Кече тоосунда жер көчкү жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий