• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кара-Жыгач” конушунда 9 жаштагы бала асынган абалда табылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Бишкектин “Кара-Жыгач” конушунда 9 жаштагы бала асынган абалда табылды.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 18-ноябрда “102” кызматына борбор калаадагы конуштардын бириндеги үйдөн өспүрүм бала асынган абалда табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, көз жумган бала 9 жаштагы Ж.А. болгону аныкталган. Денеде эч кандай криминалдык тактар байкалган эмес.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий