• 88.68
  • 95
  • 0.95

Каркыра жайлоосунда бала бакчалар уюштурулуп, 58 бала тарбияланууда

Аймак 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. 27-июндан тартып Түп районунун Каркыра жайлоосунун Чар-Кудук жана Чоң-Сары-Кыр аймагында жайлоо бала бакчалар иштей баштады. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакчаларды уюштуруу "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен ишке ашты.

Ачылыш иш-чарасына Кытай элчиси Ду Дэвень, президенттин өкүлү Илияз Иманбетов, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун директору Догдургүл Кендирбаева жана жергиликтүү тургундар катышты.

Учурда Чар-Кудук жайлоосунда 30 бала, ал эми Чоң-Сары-Кыр жайлоосунда 28 бала жайлоо бала бакчасына кабыл алынып, тарбияланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий