• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакбаев Борбор Азия менен Россиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Кечээ, 15-октябрь күнү тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Борбор Азия мамлекеттеринин жана Россиянын тышкы иштер министрлеринин үчүнчү жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолушугуу видеоконференция форматында өткөн.

Аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Казакбаевди кызматка жаңы дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалаган. Ошондой эле алар Кыргызстандагы кырдаалдын тез арада жөнгө салынышына, саясий процесстердин конституциялык талаага келишине үмүт артарын билдиришкен.

Жолугушуу учурунда Казакбаев КР Тышкы иштер министрлигинин шайлоо процессинин бузулушу, бурмалоо, добуштарды сатып алуу, административдик ресурстарды колдонуу менен өткөрүлгөн Кыргызстандагы парламенттик шайлоо жана андан кийинки элдик нааразычылык акциялары менен байланышкан акыркы окуялар боюнча билдирүүсүн жасаган.

Андан кийин күн тартибине ылайык жолугушууда коронавирус пандемиясы жана анын кесепеттери, аймактагы коопсуздукту камсыздоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты, маданий-гуманитардык алаканы арттыруу, аталган өлкөлөрдүн арасындагы миграция тармагындагы маселелери талкууланган.

Казакбаев коронавирус жуктургандардын саны артып жатканын белгилеп, пандемиянын улам жаралган социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө кызматташуукеректигин белгилеген. Ошондой эле ал экономикалык жана гуманитардык алаканы жандандыруу үчүн аба жана темир жол каттамдары толук кандуу иштеп башташы керектигин айткан.

Казакбаев Борбор Азия мамлекеттерине жана Россияга коронавирус каршы күрөштө көрсөтүлгөн жардамдар үчүн ыраазычылык билдирген.

Министрлердин жолугушуусунан кийин кызматташуунун стратегиялык багыттары жөнүндө бирдиктүү билдирүү кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий