• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Пакистандын кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын премьер-министринин саясий жана коомдук маселелер боюнча федералдык министр даражасындагы кеңешчиси Амир Мукам менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар маданият, билим берүү, илим жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашты. Алар Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда маданий-гуманитардык кызматташуунунун алкагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн олуттуу перспективаларын баса белгилешти.

Элчи Тотуяев эки мамлекеттин ортосундагы маданияттын, тарыхтын жана каада-салттардын олуттуу жалпылыгын баса белгилеп, ар түрдүү биргелешкен иш-чараларды, анын ичинде форумдарды, маданият күндөрүн, конференцияларды кошуу менен маданий кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясын биргелешип иштеп чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Мукам жогорудагы демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирип, бул контекстте биргелешкен ишти активдештирүү үчүн тараптардын кызыкдар мамлекеттик органдарынын ортосунда тийиштүү макулдашууларды түзүүнүн максатка ылайыктуулугун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий