• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны 24кө жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны 24кө жетти. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы Сoronavirus2020.kz. сайтына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Алматыда 75 жаштагы жаран каза болгон. Шаарда жалпы 8 жаран жашоо менен кош айтышкан. Бүгүн, 24-апрелде илдеттен дагы 3 адам каза болгон.

Ошондой эле COVID-19 вирусунан Алматынын тургуну көз жумган. Дарыгерлердин айтымында, ал үйүндө дарыланып жүргөн жана тез жардам унаасы келгенче чейин каза болуп калган.

Ал эми Нур-Султан шаарында Россиянын 64 жаштагы жараны каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий