• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кечээ Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Кечээ, 31-майда саат 20:54тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Алай районунун Талды-Суу, Сары-Могол айылдарында 3 баллга чейин жана Чоң-Алай районун Кашка-Суу, Кара-Кабак, айылдарында 3 балл, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий