• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КЭДП партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон четтетилди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) чечими менен Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы (КЭДП) Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон четтетилди. Бул тууралуу Бишкек АШКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим комиссиянын кечээги жыйынында кабыл алынды, анда «Клооп Медиа», «Общее дело» коомдук фонддорунан жана 12 партиядан («Реформа», «Айкол Кыргызстан», «Партия коммунистов Кыргызстана», «Бутун Кыргызстан», «Улуу-Журт», «Кыргызстандын социалисттик партиясы», «Улутман», «Демократическое движение Кыргызстана», «Тынчтык», «Власть народу», «Ыйман Нуру», «Социал-демократы») келип түшкөн кайрылуулар жана арыздар каралган.

Ошондой эле УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын жана Бишкек шаардык Биринчи май райондук ИИБдин КЭДП саясий партиясына байланыштуу кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын негизинде Бишкек АШК КЭДП партиясынын өкүлдөрү тарабынан шайлоо күнү үгүт жүргүзүүдө шайлоочуларга пара берүү менен шайлоо мыйзамдарын, андан тышкары, шайлоо өнөктүгүн каржылоонун жол-жобосун бузган деген жыйынтыкка келген. Ушуга байланыштуу Бишкек АШК КЭДП саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жана КЭДП берилген добуштарды жараксыз деп табуу чечимин кабыл алды.

Партия аталган чечим боюнча Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы менен талашып-тартышса же сотко кайрылса болот.

АШКдан партияны шайлоодон толугу менен четтеткен учурда ошол партия алган добуштар жокко чыгарылып, андан кийин шайлоодон өтүүчү тоскоолдуктар төмөндөтүлүп, тоскоолдуктан өткөн кийинки партия шаардык кеңешке барарын билдирди. Эгер башка партиялар жетишерлик добуш алышпаса анда өткөн партиялардын мандаттары көбөйтүлөт.

Эскерте кетсек, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөн. БШКнын алдын ала маалыматы боюнча, Бишкек шаардык кеңешине 6 партия өткөн:

Алар:

- «Биздин Эл» - 7,73%;
- «Ата-Журт Кыргызстан» - 9,63%;
- КЭДП - 10,70%;
- «Эмгек» - 13,87%;
- «Ынтымак» - 13,87%;
- «Ак-Бата» - 12,15%.

Пикир

Оставить комментарий