• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Өкмөттүк акселераторлор” программасы: 100 күндө үй тибиндеги 36 бала бакча ачылды

Билим 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында 100 күндө үй тибиндеги 36 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Программа 2023-жылы алгач пилоттук негизде старт алып, Бишкек шаарынын Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ак-Ордо, Ак-Босого, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо жаңы конуштарында ийгиликтүү ишке ашырылды.

Программанын алкагында 100 күн ичинде мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча 800 адам окутулуп, анын 570и сертификат алды. Мындан 262 адам жеке ишкер катары катталып, үй тибиндеги 36 бала бакча ачылды. Жалпылап айтканда, 100 күндө 900 гө жакын бала мектепке чейинки билим берүү менен камтылды.


“Өкмөттүк акселераторлор” программасы – мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу максатында ишке ашырылды.

2024-жылы “Өкмөттүк акселераторлор” программасын Кыргызстандын аймактарында этап-этабы менен ишке киргизүү үчүн жол карта иштелип чыкты.

Пикир

Оставить комментарий