• 88.68
  • 95
  • 0.95

КМШ оюндарынын чемпиону Нурзат Нуртаева: Менин көптөн күткөн алтын медалым болчу

Спорт 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында жалгыз алтын медалга татыган балбан Нурзат Нуртаева жеңиштен кийинки өзүнүн сезимдери менен бөлүштү.

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева белгилегендей, балбан бул медалды көптөн бери күтүп келген.

“Мен буга чейин Дүйнө жана Азия чемпионаттарында коло медаль утуп келгем. Учурда алтын медалга суусап турган кезим эле. КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында төрт беттеш өткөрдүм, төртөө тең оор болду, акыркы секундаларда жеңишке жетишип жаттым. Финалдык беттеште беларустук балбан, Европа чемпиону менен күч сынашып, 4:0 эсебинде утулуп жаттым, бирок жүрөгүмдө жеңем деген ишенич болду. Акыркы 2 секунд калганда эсепти 4:4кө теңеп, жеңишке жеттим”, - деди балбан.

Балбан кыз жеңишке жетишкен соң сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алгандыгын, ошол мүнөттөрдө аны сөз менен жеткире алгыс сезимдер курчап тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле Нуртаева КМШ өлкөлөрүн II оюндары жогорку денгээлде өткөндүгүн баса белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 4-августунан 13-августуна чейин Беларусь Республикасында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары болуп өттү. Беларустун 10 шаарында өткөн оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышты.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынады.

Кыргызстандын командасы жыйынтыгында 1 алтын, 8 күмүш жана 18 коло медаль багындырып, 7-орунду камсыздады.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Нурзат Нуртаева Кыргызстандын командасына алтын медалды алып келди.

Пикир

Оставить комментарий