• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КМШөлкөлөрүнүн ИИМ башчыларын Тажикстандын президенти кабыл алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28-июнь /Кабар/. Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын президенти Эмамоли Рахмон КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ башчыларын кабыл алды. Алар Тажикстанга КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ башчыларынын кезектеги жыйынына келишкен деп билдирет “Азия плюс”.

Тажик президентинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Эмамоли Рахмон КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ башчыларын куттуктап, аларга жемиштүү иш күн каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык жана эл аралык коопсуздукту сактоо, терроризм, экстремизмге, улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы, баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын террористик топторго тартылуусуна бөгөт коюу сыяктуу бир катар маанилүү маселелер талкууланды.

Ошондой эле, ааламдашуу шарттарында, жер үстүндөгү кырдаалдын бат өзгөрүп туруусун эске алуу менен КМШ өлкөлөрү коопсуздукту камсыз кылуу тармагында кызматташуусу зарыл экени баса белгиленди.

КМШ өлкөлөрүнүн мыйзамы ыкчам маалымат алмашууга, биргелешкен операцияларды жүргүзүп, кадрларды даярдоого ылайыкташылган.

Дүйшөмбү шаарындагы жыйынга катышуу үчүн Азербайжандын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Өзбекстандын ички иштер министрлери келген.

Ошондой эле, жыйынга КМШ өлкөлөрүнүн аймагында уюшкан кылмыштуулук жана коркунучтуу кылмыштарды жасагандар менен күрөшүү координациялык борборунун директору катышты.

Жыйындын катышуучулары кылмыштуулук менен күрөшүүнүн абалы, актуалдуу маселелерде кызматташуу тармагында сүйлөшүшөт. Ошондой эле, терроризм, экстремизмге каршы күрөшүүгө багытталган иш чаралардын аткарылышы боюнча сөз болот.

Пикир

Оставить комментарий